Сиздердин сайтка 4-июнь күнү “Де-Факто” гезитинен алынып, “Мугалимдер жетишпей жатса, Кудайбердиева “кыскартам!” дейт” деп аталган маалымат жарыяланган. Бул маалыматка КР Билим берүү министрлигинин расмий жообун да жарыялап коюуңуздарды суранабыз:
Азыркы учурда өлкө боюнча 79 миң мугалим эмгектенет. Буга чейин мектептерде окуу жүктөмүнүн бөлүштүрүү тартиби белгилене элек болгондуктан, анын майдалануусуна алып келип, биринчи кезекте билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатат. Эгерде мугалим мектепке бир саат бергени үчүн келсе, ал тиешелүү даярдык көрбөйт. Мисалы, Түштүк Корея, Сингапур жана башка билим берүү жаатында ийгиликтерге жеткен, өнүккөн өлкөлөрдө мугалимдердин жумалык окуу жүктөмү орточо 30 сааттан кем болбойт. Бизде болсо, кээ бир мектептерде ошол эле окуу жуктөму 4-5 сааттан ашпайт. Мектеп ар бир мугалим үчүн негизги иш орду болушу керек. Бул мугалимдин жоопкерчилигинин артышына өбөлгө болот.
Мунун негизинде мугалимдердин саны кыскарышы мүмкүн (азырынча саны такталып жатат), бирок министрлик бул маселени алдын алуу боюнча иштеп жатат. Мугалимдерди башка мектептерге бош орундарга которуу, кайра даярдоо курстары аркылуу мектептерге керектелген предметтерге багыттоо ж.б.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ