Menu

Түркмөнстан миграция мыйзамдарын бузгандарга мунапыс берүүгө даяр

Бөлүшүү:

Түркмөнстан өкмөтү миграциялык мыйзамдарды бузган жарандар үчүн мунапыс маселесин карап жатат. Бул чара чет өлкөдө жүрүп, убагында биометрикалык паспорт албай калган түркмөн мигранттарына дагы тиешелүү болот.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, эгер мигранттар мекенине өз эрки менен кайтышса, жоопкерчиликтен толугу менен бошотулушат. Миграция жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери бул тема боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Түркмөнстанда биометрикалык паспорттор 2013-жылдан тарта пайдаланыла баштаган. Ал чет өлкөгө чыгуу жана кирүү учурунда колдонулат. Бирок ошол маалда негизинен Түркияда иштеп жүргөн түркмөн мигранттарынын көбү өлкөдөн кайра чыгарбай коюшат деген кооптонуулардан улам, Түркмөнстанга кайтып келишкен эмес жана чет паспорт албай калышкан.

Мыйзам боюнча чет өлкөдөгү түркмөн консулдуктары жарандарына биометрикалык паспортторду берүүгө милдеттүү, бирок иш жүзүндө бул мүмкүн болбой келген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: