Menu

Тажикстанда мурдагы аткаминердин уулу аялын өлтүрүүгө шектелүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстан Ички иштер министрлиги Жогорку экономикалык соттун мурдагы катчысы Бободжон Ширинов мурдагы аялын өлтүрүү шеги менен кармалганын билдирди.

Кандуу окуя 6-июнда Душанбенин Сино районунда болгон. “Кечкисин саат 22.40 чамасында шаардык ооруканага 33 жаштагы Мохира Ятимова кансыраган абалда келип түшкөн, бирок алган жаратынан улам көз жумган”.

“Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, Бободжон Ширинов атасынын талабы менен милиция бөлүмүнө барып, уруш учурунда мурдагы аялын катуу жарадар кылганын мойнуна алган.

Бободжон Ширинов – Коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы орун басары, генерал Раджабали Шириновдун уулу. 2015-жылы февралда өлкө президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында антикоррупциялык мекеменин ишин сынга алган. Ошондон көп өтпөй генерал Раджабали Ширинов кызматынан кол жууган.

ИИМдеги өз булак билдиргендей, Бободжон Ширинов менен Мохира Ятимова эки жыл мурун ажырашкан. Балдар жана мал-мүлк үчүн алардын ортосунда дайыма жаңжал болуп келген. 6-июнда Бободжон Ширинов мурдагы аялы менен дагы уруша кетип, бычак менен сайып жиберген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: