Menu

Улукбек Ормонов, “Бир Бол” депутаты: Элдин акчасын чогултуп алып, үйдү бүтүрбөгөн алдамчылар бар

Бөлүшүү:

-Бишкекте мыйзамсыз курулуштар көп болуп жатканы айтылууда. Билебиз да, курулуштун бюрократиясы аябай көп болот. Жеке адам бир тоок уя салыш үчүн да он чакты конторанын эшигин чертүүгө аргасыз. Анан ошондой шартта мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканын кандай түшүнсө болот?

– Бизде параллелдүү долбоорлорго уруксат берилгендиктен ушундай иштер болуп жатат. Курулуш документтери толук бүткөндөн кийин гана башталганда мындай маселе чыкмак эмес. Биз азыр комитетте ушул мыйзамдын үстүнөн иштеп жатабыз. Үйлөр бүтпөй, тапшырылбай, же мыйзамсыз деп табылса, андан карапайым эл жабыр тартпашы керек. Мисалы, Белоруссияда курулуштун элүү пайызы бүтмөйүнчө сатууга уруксат берилбейт. Мен ойлойм, бизде дагы ошондой тартипке келтирүү зарыл. Себеби, өтө эле көп курулуш компаниялары пайда болуп кетти. Алардын арасында элдин акчасын чогултуп алып, үйдү бүтүрбөгөн алдамчылар бар.

– Үй ээси там бүтсө да жогору бааны коюп, сатылбай тура берген учурларчы?.. Ушу туурабы?

– Рынок шартында андай болушу мүмкүн эмес. Ар бир курулуш ээси үй бүтсө тезирээк сатууга кызыкдар. Акча бергендерден мүмкүн болушунча тезирээк кутулуп, алыстагысы келет. Үй тапшырылбай турган сайын маселе көбөйөт. Электр энергиясы, суу боюнча… Азыр булар оңой жолун таап алышты. Үйдү бүтөр замат кондоминиум түзөт дагы өткөрүп берип коюшат.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: