Menu

“Евровидение” уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүнү каалашпайт

Бөлүшүү:

“Евровидение” уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу израилдик “Хааретц” сайты маалымдады. Европа кабар таратуу биримдиги талаш жараткан аймакта ыр сынакты өткөрүү кооптуу деп эсептөөдө.

Палестиналыктар Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болсо деп эсептешет. Израиль да Иерусалимди өз калаасы деп санайт. Евробиримдик израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы жаңжалды чечүүнүн орток жолу – Иерусалимди эки элдин борбору катары жарыялоо деп бир нече жолу маалымдаган.

14-майда Иерусалимде АКШнын элчилиги ачылган – муну менен Вашингтон бул шаарды Израилдин борбору катары тааныган. Президент Дональд Трамптын чечимине палестиналыктар эле эмес бир катар өлкөлөрдүн лидерлери да нааразы болушкан.

Быйыл “Евровидение” сынагын израилдик ырчы Нетта жеңип алган. Жыйынтыктар чыгары менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кийинки иш-чара Иерусалимде өтөрүн жарыялаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: