Menu

Соттор Бакасов, Базаркулов, Касымалиевдер тарп аңдыган таз жорулардай болушканы кандай

Бөлүшүү:

Анын сыңарындай, Жээнбеков Сооронбай Шарипович президент болуп келгени жалпы кыргыз журтчулугу үчүн чындыгында эле чоң кубаныч болду. Анткени анын белгилүү талыкпас ишмердүүлүгү, чынчылдыгы жана жөнөкөйлүгү кыргыз элинин эртеңки келечеги бар экенине ишеним жаратты. Туура эки жарым ай өткөрүп, б.а. 2018-жылдын 8-февраль күнү Кыргыз мамлекетинин коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сөзү анын өз ишине кадимки адилет эл башчысы катары мамиле кыларын дагы бир жолу тастыктады.

Бул арада өткөн токсонунчу жылдардан бери мамлекеттик укук коргоо жана күч органдары тарабынан ачык эле зордук-зомбулукка кабылып, үч уктаса түшүнө кирбеген кордуктарды көрүп, айлап-жылдап сүйрөлүп, боздоп-ыйлап жүрүп, акыры үмүтү үзүлгөн жарандар кайрадан тирилип, Сооронбай Шариповичтин атына ондогон-жүздөгөн кайрылууларды жиберишип, дүрбөлөң түшүп эле калышты. Анын ичинде, албетте, митаам, шылуундарга алданып, акыркы мүлкүнөн ажырагандардын арасында мен да бармын. Анткени менин, б.а. мен жетектеген «Too-Тек» АК ишканасын рейдерлик жол менен басып алган кылмышкерлер тобу беш жылдан бери ошол коопсуздук кеңешинде айтылгандай, «коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар (сот, прокуратура, финполиция, күч жана коопсуздук органдары) өздөрү коррупцияга малынып, көмүскө схемаларга, экономикалык кылмыштарга тыгыз аралашып, митаам-шылуундардын пайдасына кызмат кылууну адатка айландырып алышкан». Ошол себептен президент мырзанын «элдин канын соргон коррупционерлердин чоң-кичинесине карабай жазага тартууга менин саясый эрким жетет» деген сөзүн эске алып, өткөн эки айдын ичинде Сооронбай Шариповичтин атына бир эмес, эки жолу кайрылууга аргасыз болдук. «Жогорку соттун алы жетпеген судьяга сиздин алыңыз жетеби, Сооронбай Шарипович?» деп (7.03.2018-ж. (№ ОП524 кат).

Бир айдан кийин, б.а. 06.04.2018-ж. № КЛ-2096 номуру менен президентик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Б.Саякбаевдин колу коюлуп, адис А.Т.Нурбеков даярдаган жооп-кат келди: «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Андыктан Кыргыз Республикасынын президентинин Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктары боюнча судьяларга кандайдыр бир көрсөтмө берүү же алардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү укуктары каралган эмес. Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык соттук актылардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жогору турган инстанциядагы сот тарабынан тараптардын даттанууларынын негизинде соттук ишти кайра карап чыгуу жолу менен гана текшерилет. Ошону менен бирге «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 13-беренесинин талаптарына ылайык, сиздер судьянын аракетине же аракетсиздигине карата түздөн-түз Тартип комиссиясына кайрылуу укугуңуздарды түшүндүрөбүз» деп.

Чынын айтсак, биз президенттен мындай жоопту күткөн эмес элек. Себеби:

Биринчиден, КР Конституциясы, андагы президенттин жана сот бийлигинин ыйгарым укуктары жана Судьялар кеңешинине караштуу Тартип комиссиясынын иштери боюнча иш жүзүндө анча-мынча түшүнүгүбүз бар эле;

Экинчиден, өткөн беш жылдын ичинде сот аркылуу менчик мүлкүбүздү сактап калуу иретинде жарандык иш менен үч айланып Жогорку сотко чейин барып, эки жолу Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылып, эч кандай тыянак чыкпагандыктан;

Үчүнчүдөн, өткөн 8-февралда коопсуздук кецешинин жыйынында Сооронбай Шарипович айткан: «Мен соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттордун адилетсиз чечимдеринин негизинде элдин жарандык укуктары тебеленип жатса, кантип кийлигишпейм? Мени эл шайлаган. Ошондуктан, мен президент катары элдин тебеленген укуктарын коргоого милтеттүүмүн, мыйзам чегинде» деп;

Төртүнчүдөн, так ошол себептен, КР Конституциясы коргоого алган биздин жарандык укугубузду жана Жогорку соттун Судьялар коллегиясынын токтомун (26.10.2017) уруп ойнобогон судья Б.М.Касымалиевдин бир эле жарандык иш боюнча жети жолу мыйзам бузууга барып чыгарган өкүмзордук чечимдерин конституциялык гарант катары укугу бар президент мырза токтото алар бекен (?) деген үмүт менен кайрылган элек.

Ал эми алган жообубуз болсо тиги… Демек, азыркы биз колдонуп жүргөн Конституциянын негизинде жергиликтүү сот сөрөйлөрдүн өкүмзордук чечимдерин мыйзам чегинде токтотууга реалдуу механизм жок. Бул айныгыс факт биздин реалдуу турмушубуздун ар бир күнүндө болуп жаткан көнүмүш адатка айланып калган. Ошол себептен, тиги Бакасов, Базаркулов, Касымалиевге окшогон митаам, шылуундар тарп аңдыган таз жору, карга, кузгундардай болушканы кандай? Эч кимден коркпой-үркпөй эле көз көрүнө өкүмзордук чечим менен жүздөн ашык акционерлерге таандык менчик үлүштөрүн итбекер ыкма менен (по сговору) тартып алышып, сот чечимин аткаруучу (судоисполнитель) аркылуу сатыкка коюшуп, «кимибизге канчадан тийер экен?» деп кудуңдашып, алакандарын ушалап жыргап отурушканычы?..

Албетте, бизге окшоп акыркы үмүт менен өзүңүзгө кайрылгандардын саны айтпаса да түшүнүктүү, ондоп, жүздөп саналары шексиз. Ошол себептен бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген жана иштеп жаткан жергиликтүү соттордун статусу Конституцияда көрсөтүлгөндөй, «Кыргыз Республикасы – укуктук мамлекет» жана «Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат» деген түшүнүктөрдү иш жүзүндө жокко чыгарып, «кана, бизди эмне кыла аласыңар? Колуңардан эмне келет?!» деп парадан башка көздөрүнө эч ким, эч нерсе илинбей турган убагы. Ошондуктан, бул соттордун статусун «укуктук мамлекетте сот адилеттигин сот элдин гана түздөн-түз көзөмөлү астында ишке ашыра алат» деген статуска которуу максатында Кыргыз мамлекетинин сот системасын терең жана радикалдуу реформа аркылуу гана Кыргыз мамлекетин сактап калышыбыз мүмкүн. Ооба, башка жол жок, анткени факт деген өтө эле өжөр нерсе – факт бойдон кала берет эмеспи…

Мына ошол себептен өткөн айдын 17-синде өзүңүздүн демилгеңиз менен өткөрүлгөн соттук реформа кеңешинин 1-жыйыны Кыргыз мамлекетинин сот системасы терең реформага муктаж экендигин дагы бир жолу тастыктап бербедиби.

Ал жөнүндө сөз, албетте, алдыда…

Терең урматым менен Карыбай Турусбеков

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: