Menu

Путин футбол чемпионатында Киев чагым жасаса, кеспети оор болорун айтты

Бөлүшүү:

Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан маалда Киев жикчилдер көзөмөлгө алган аймакка чабуул жасаса, Украина үчүн кесепеттери оор болорун айтып опузалады.

Донбасстагы жикчилдердин катарында согушуп жүргөн орусиялык жазуучу Захар Прилепиндин суроосуна жооп берип жатып, Путин иш мындай чагымга жетпейт деген үмүтүн билдирди.

Орусия лидери азыркы украин бийлиги Донбасстагы маселелерди чече албай жатат деп эсептейт. Анын айтымында, Орусия Минск келишимин аткарууга даяр, бирок Украина муну каалабай жатат.

Ошол эле маалда Владимир Путин орусиялыктар менен украиналыктарды “боордош эл” деп атап, алардын келечеги бир экенин белгиледи. Муну менен ал Луганск жана Донецк облусундагы качкындар жана алардын Ростов аймагындагы макамы тууралуу суроого жооп берди. Путин орус жарандыгын алууда либералдуулукту жактай турганын кошумчалады.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: