Menu

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди

Бөлүшүү:

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Калктын саламаттыгын сактоонун ажырагыс бөлүгү катары дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары-дармектеринин тизмеси  – бул саламаттык сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын камсыздаган, жоктугу бейтаптардын ден соолугуна жана жашоосуна коркунуч туудурган жашоо үчүн зарыл дарыларды камтыган медициналык колдонуудагы дары каражаттарынын тизмеси.

Бул документти ишке ашыруу жарандарды алды менен Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын, керектелүүчү материалдардын тизмесиндеги таасирдүү, сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыздоого багытталган. Бул тизменин негизинде медициналык жардамдын кепилденген көлөмү көрсөтүлөт, мамлекеттик сатып алуулар ишке ашырылат, дары-дармектердин баасын толук/бөлүп толуктоо программасы жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: