Menu

Таабалды Тиллаев, депутат: Абиш Халмурзаев Баткендин губернатору катары үч жылдан бери бир да маселе чечпеди

Бөлүшүү:

-Таабалды мырза, сиз өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн катуу сынга алдыңыз. Анын кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

– Баткен облусундагы эң чоң көйгөй бул – чек ара маселеси. Облуска аны чече ала турган, кошуна өлкөлөр менен теңата сүйлөшө ала турган жигердүү жетекчи керек. Бирок, биздин губернаторубуздун деңгээли ага жетпей жатат. Мына, иштегенине үч жыл болду, бир да маселе чечкен жок. Мисалы, Лейлек районун алсак, ал жерге кошуна өлкөнүн чек арачылары чек араны бузуп, аялдарды, балдарды уруп-сабап, үйүнө чейин кирип келип жатышат. Мындай окуя алты жолу кайталанган.

– Губернатор мамиле жүргүзүшү мүмкүн. Бирок, ага чейин чек аралар такталып, демаркация, делимитация иштери жасалышы керек го?

– Чек ара маселеси 27 жылдан бери чечилбей жатат. Тажикстанда губернаторго чоң ыйгарым укуктар берилген. Бүт күч органдары ага баш ийишет. Мен ойлойм, эгер биздин губернатор аны менен жакшы мамиледе болгондо, мындай чыр-чатактар болмок эмес.

– Мамат Айбалаевдей кадыр-барктуу киши керекпи?..

– Мен элдин оюн айтып жатам. Элибиздин уучу куру эмес. Андай азаматтар элдин арасында толтура.

– Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев сыяктуу экс-чиновниктердин камалышы боюнча оюңуз кандай?

– Бул жерде кеп аз эмес акча тууралуу болуп жатат. Ошондуктан, күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланууга тийиш. Келечекте да биздин башчыларыбызга, өкмөттө иштеген адамдарга сабак иретинде. Жедиби, мыйзам астында жооп берсин. Жебесе, акталышы керек. Менин оюмча, мындай чараларды дагы да улантуу зарыл. Миллиард долларга бааланган түндүк-түштүк альтернативалык жолу, «Датка-Кемин» электр линиясы турат. Бишкек шаары боюнча да бир топ ири объектилер бар.

– «Мурдагы бийликтин адамдарына карата гана тандалма күрөш жүрүп жатат» деген пикирге кошуласызбы?

– Мурдагы бийлик эмес, бир эле бийлик. Азыркы президентибиз деле КСДПдан чыккан. Бир командада жүрүшкөн. Экс-президентибиз деле «жанымдагылар уурдаган болсо, мен камалышына макулмун» деп айтпады беле? Тергөө органдары аныктап, тактап, ушундай чечимге келди окшойт. Калганын эми сот чечет.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: