Menu

Калдарбек Баймуратов, депутат: самолеттор жарымы бош учуп жатат, билет арзандаган жок

Бөлүшүү:

-Калдарбек Шакирович, авиация тармагында агрономдор менен зоотехниктер иштеп жатышканы тууралуу маселе көтөрдүңүз. Бул такталган маалыматпы?

– Мен фактынын негизинде айтып атам. Ош жана «Манас» аэропортунда кесиби авиацияга тиешеси жок кишилер иштейт экен. Менин аларга карата эч жамандыгым жок, балким, жакшы адамдар агроном же, ветеринар болсо чарбада жакшы иштейттир. Бирок, авиацияда ошол тармакты билген кесипкөй кишилер иштеши керек. Мисалы, мен курулушчу юрист болуп иштей албайм да. Кыргызстандын аба жолдорун башкарган киши окууну кийин, сырттан бүтүптүр.

– Бул эмнеден болууда? Кадрлардын жетишпегениненби, же тааныш-билиштиктенби?

– Мен аныгын билбейт экенмин. Тааныш-билиш болушу деле мүмкүн. Бирок, мен ушул тармакты тейлеген вице-премьер-министрге «караңыздар» деп айттым. «Чоң авиациялык институттарды, жогорку учкучтар окуу жайларын бүткөн адистер бар, ошолордон алып келип коюңуздар» дедим. «Жалал-Абад мэриясына кат жөнөтүп койдук, бир жыл болду жооп келе элек» деп эле отура беришеби? Союздун тушунда самолеттор Жалал-Абаддын мурунку эле имаратынан учуп-конуп жүргөн. Анда күнүгө беш-алтыдан рейс болчу. Азыр бир эле рейс болсо, андай чоң аэропорттун эмне кереги бар? Андан көрө лампаларды коюп, самолетгордун түндө да учуп-конуусуна шарт түзүшүбүз керек да. Ошко да айтып атабыз, «эгер көчө турган болсоңор аэропортту реконструкциялоонун эмне кереги бар?» деп. Жалал-Абадга самолеттор жарымы бош учуп жатат. Бирок, билет арзандаган жери жок. Жүргүнчү жок болсо бааны арзандатыш керек да. Ошондо эл көбүрөөк келмек.

– Аэропортто башкармалыктын төрагасынын айлыгы окладын, кошумчаларын кошкондо жалпы 120 миң сом экен. Эмне, авиация тармагы ошончолук эле кирешелүүбү?

-Мейли, ал 200 миңсом алсын. Бирок, самолетгор учсун, түндө консун Жалал- Абадга. Кербендеги, Кызыл-Кыядагы, Нарындагы, Таластагы, Баткендеги аэропорттор иштесин. Булар болсо ошончо айлыкты алып эле отурушат. Учкан компания бирөө эле, самолеттор жок. «Тез жет» гана жалпы Кыргызстан боюнча каттап атат. Башка компаниялар жок. 120 миң сомдон айлык алып жатасыңбы, башка компанияларды тарт, атаандаштыкка шарт түз. Ошондо өнүгөбүз да. Эл бизге «эмне үчүн билетти арзандатуу маселеси чечилбейт? Билет кымбаттыгынан баары жеңил автоунаалар менен каттап, авария көбөйүп жатат» деп маселе коюп жатышат.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: