Эркин Мамбеталиевди Икрам Илмияновдун заказы менен жаман атты кылган мурдагы ИИМ министри Улан Исраиловдун дымы чыкпай калды да негедир. Учурда бул киши Форумдан да көрүнбөй калды. Ансыз да Бакиев заманында куугунтукка кабылган Эркинди сындырууга аракет кылганы акылга сыйбаган иш болгон. Министр болуп турганда жердештери куттуктаганы келсе кабыл албай коюп, байкуш көлдүк аксакалдар ИИМдин сыртында калышыптыр жалдырап. Ал учурда көзүнө эч нерсе көрүнбөй жаткан чыгар. Эми эсине келип, баарын аңдап жаткандыр. Жердештери ушундай учурда колдоп турса жарапшпайт беле…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ