Menu

Трамп: Ким Чен Ын менен боло турган саммит үчүн баары даяр

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн камдыктар дээрлик аягына чыкканын, 12-июнда өтө турган саммитке баары даяр экенин билдирди.

Трамптын айтымында, бул жолугушуу Түндүк-Чыгыш Азиядагы тарыхый учур болорун жана “Түндүк Корея үчүн жаркын келечекти” камсыздай турганын белгиледи.

АКШ президенти эгер сүйлөшүүлөр жакшы өтсө, Ким Чен Ынды Кошмо Штаттарга чакырууга убада берди. Ошол эле маалда жолугушуу өзү күткөндөй болбосо, аны үзгултүккө учуратууга даяр.

Майдын аягында Трамп Ким Чен Ын менен боло турган алгачкы жолугушуудан баш тарткан. Көп өтпөй АКШ президенти түндүк кореялык лидерден кат алган соң, көз карашын өзгөртүп, саммитке даярдык көрүү улантылган.

Саммиттин башкы темасы Түндүк Кореянын өзөктүк программасы тууралуу болору айтылууда. Вашингтон Пхеньянды өзөктүк куралдан толугу менен баш тартууга чакырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: