Menu

“Кара ящикти” агартуунун жолу

Бөлүшүү:

Ыраматылык А.Карыпкуловдун учурунда «кара ящикке» айланган КТР жаңы ажо, жаңы Баш мүдүрдүн келиши менен бир аз агарат десе, кайра эле таз кейпин киет. Ал эми коомдук телеге айланыш үчүн акчасын финансы министрлиги эмес, эл төлөш керек экен. Ошол финансы министрлиги бөлүп жаткан акча элдин акчасы эмес, ажолордун аталары берген акча бекен? Ал акчалар да элдин салыгынан топтогон акчалар. Андай болсо «кара ящикти» кантип агартыш керек? Көптөгөн жолдору бар, бирок бирин гана айталы.

КТРди «кара ящик» кылган – негизинен «Ала-Too» программасы гана. Алты студия ачкан КТРКде жетинчи студия деле ачса болот. Ал жетинчи студиянын базасы болуп ансыз да азыр өзүнчо бөлүнүп иштеп жаткан «Ала-Тоо-24» маалымат программасы негиз болоор эле. Болгону «Ала-Тоо-24түн» башчысын КТР мүдүрү эмес, Жогорку Кеңеш дайындаш керек. Ошондо «Ала-Тоо-24» аз да болсо президенттин жетегинен бошонот. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы, айрыкча «Парламент» деген көрсөтүүсү эки-үч депутат менен «Миң бир түн» айткандан башканы даярдабайт. Аларды да «Ала-Тоо-24» менен кошуп иштетүүгө эмнеге болбосун? КТРКны элдик абоненттик төлөө аркылуу коомдук телеканал кылабыз дегендик – Кыргызстанда ишке ашпай турган идея. Санариптик, спутник, эң башкысы менчик телеканалдар көбөйгөн шарттарда акты кара кылып көрсөтүү барган сайын мүмкүн болбой калат. Дегинкиси, Кыргызстанда, анын ичинде КТРда коррупцияны жоюу үчүн буга чейин түзүлүп, иштеп келаткан системаны өзгөртүү керек. Ал эми бүтүндөй системаны турган жерден өзгөртүү ишке кедергисин гана тийгизет. Жаңы тамды куруп бүтмөйүнчө эскисин бузбай туруу керек эмеспи. Демек «кара ящикти» агартуу үчүн аны карартып жаткан «Ала Тоодон» башташса.

Саруул Шааботаев

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: