Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 7-июнда Кытайдын лидери Си Цзинпин менен болгон жолугушуусу маалында былтыр эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 30% өсүп, дээрлик 11 миллиард долларга жеткенин айтты. Бул тууралуу Казакстандын расмий басылмалары жазышты.
Акордо кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Си Цзинпин Кытай Казакстандан айыл-чарба азыктарын сатып алууга, ошондой эле энергетика жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирди.
Өз кезегинде Назарбаев 2012-жылдан бери Кытай башчылары менен 18 жолу жогорку деңгээлде жолугушуу болуп, анын жыйынтыгында тараптар жалпысынан 67 миллиард долларлык 127 документке кол койгонун белгиледи.
Акордонун маалыматына ылайык, Назарбаевдин Пекинге жасаган бул жолку сапарында эки өлкө ортосунда онго жакын документке кол коюлду. Анын ичинде өзөктүк материалдар менен радиоактивдүү калдыктардын мыйзамсыз ташылышына каршы биргеликте аракет көрүү, ошондой эле жеңилдетилген насыя жөнүндөгү өкмөттөр аралык келишимдер бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ