Menu

Душанбеде өрттөнгөн базар 400 миң доллар зыянга учурады

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги «Султони Кабир» базарында чыккан өрттүн чыгымдарын эсептеп чыкты.

Тажикстан ИИМинин маалымат кызматы билдиргендей, келтирилген зыяндын суммасы 3,5 млн сомонини (390 миң доллар) түзөт.

Душанбедеги эң ири базарлардын бири эсептелген «Султони Кабирде» өрт 2-июнь кечинде саат 8дерде башталып, аны төрт сааттан кийин өчүрүүгө мүмкүн болгон. Өрттөн бир нече кампа жана 20дан ашык соода жайы күйүп кеткен. Өрт электр зымдарын туташтыруудагы кемичиликтерден улам келип чыккан. Базардын жетекчилигине чара көрүү маселеси карала элек, тергөө иштери жүрүүдө.

Соодагерлердин көбү банктан насыя алышкан, андыктан алар өкмөттөн колдоо күтүп жатышат.

Душанбе мэриясы «Султони Кабирдеги» соода түйүндөрүн калыбына келтирүү үчүн бир апта убакыт берди. Базар 2000-жылы салынган, 5 гектар аянтты ээлейт. Ал жерде 1700 ишкер эмгектенип келген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: