Menu

Энеңди казы зордуктаса… Садыр Жапаровдун сот залынан

Бөлүшүү:

5-июнь күнү Жогорку Соттун имаратынын маңдайында — ​эски аянтта — ​өлкөбүздүн 7 дубанынан, райондорунан жана айыл-кыштактарынан, ошондой эле Россиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кореядан, Түркиядан атайын келишкен миңден ашуун мекенчил инсандар Садыр Жапаровду актоо талаптары менен плакаттарды кармап турушту.

Мурда маалымат булактары аркылуу кабарлангандай, Садыр Жапаровдун даттануу арызын караган Жогорку Соттун 5-июнда башталган отуруму жападан жалгыз “жабырлануучу” Эмил Каптагаевдин көрсөтмө берүүсүнөн башталды. Соттук коллегияга төрагалык кылуучу Кеңеш Токтомамбетов сот процессин ачып жатып, бул боюнча катышуучулардын кимисинде кандай сунуш бар экендигин сураганда, адвокат Бакыт Асамудинов сөз алып, төмөнкүлөрдү айтты:

— Урматтуу соттук коллегия, бүгүнкү процессте өтө маанилүү иш каралып жаткандыгын билесиздер. Ошондуктан, сот процессинин катышуучулары жетишээрлик даярдык менен келүүгө тийиш экендиги талашсыз. Бул жерде сиздердин көңүлүңүздөрдү мамлекеттик айыптоону колдоо үчүн келген прокурор Рустамбоевдин мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билээрине бургум келет. Ал тилди билбей туруп, бул жерде айтылган нерселерди кантип түшүнө алат жана айыптоону мамлекеттик тилде колдой алабы? Мындай жоопкерсиздикке соттук коллегия эмне дейт?

Төрагалык кылуучу айыптоочу Алишер Рустамбоевден: “мамлекеттик тилди билесизби?” деп сураганда, ал: “”билем, жакында тил сынагынан өткөм” деп, булдуруктап, араң жооп берди. Прокурордун 5–6 сөздү жамап-жаскап айтканына караганда, кыргыз тилин тиричилик деңгээлинде гана билээри, бул жерде соттун тилин — ​юридикалык тил стилин дээрлик билбестиги байкалып турду. Ага карабастан, соттук коллегия прокурордун: “процессти уланта берели” деген пикирин колдогон чечимди кабыл алды.

Сыягы, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгы “эмне болсо ошол болсун, тойдум байдын кызынан” деген кыязда, процесске даярдыгы жана тажрыйбасы жетишсиз, жаш прокурорун жибере салгандай.

…Э.Каптагаев өз сөзүндө буга чейин айтып келген маалыматтарын төкпөй-чачпай кайталап берди. Тактап айтканда, ал өзүн барымтага алуу учуруна Жапаровдун эч кандай тиешеси жоктугун, себеби, аталган кылмыш болгон 2013-жылдын 7-октябрында Садыр Жапаровдун Кыргызстанда болбогондугун, соттолуучу менен эч кандай мамилеси, байланышы жоктугун, ошондой эле аны чындыгында кимдер күч колдонуу менен барымтага алгандыгын, өмүрүнө коркунуч келтиргендигин билээрин дагы бир ирет кайталап өттү.

Каптагаевдин 20 мүнөткө созулган сөзүнөн кийин С. Жапаровдун 10 кишиден турган коргоочуларынын жетекчиси, белгилүү адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Шарабидин Токтосуновго кезек берилди. Ал өзүнүн 2,5 саатка созулган сөзүндө Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыз жана саясий буюртманын — ​далилдерге эмес, жалаң гана жалаанын негизинде козголгондугун, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун соттолуучуга карата укуктук зомбулукка негизделген өкүмдөрүн — ​тергөө жана сот тарабынан ондогон орой жана атайылап жасалган мыйзам бузууларды ирети менен ырастап айтып өттү.

— Мен жабырлануучу Каптагаевдин айткандарына ишенем жана кошулам, — ​деди адвокат Ш. Токтосунов. — ​Неге дегенде, соттолуучу Садыр Жапаров ошол тополоң болгон 6–7-октябрь күндөрү Кыргызстанда болгон эмес жана тополоңчулардын лидерлеринин бирөөсү менен да, жок дегенде телефон аркылуу да, байланышкан эмес… Эң башкысы — ​кылмыш ишиндеги жалган көрсөтмөлөр күбөлөр: Калчаевди, Жумабаевди, Качагановду, Кожобековду жана башкаларды уруп-сабоолор менен, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ата-энелерин бетке кармап, тынымсыз кысымга алуулар менен алынган. Буга далилдер мудакы Омбудсмен Бакыт Аманбаев тарабынан жеткиликтүү далилдер менен коомчулукка жарыя кылынып айтылды го…

Адвокаттын узакка созулган ынанымдуу доклады чымын учса угулгудай тынч кырдаалды пайда кылып, процесстин катышуучулары жана залдагы күйөрмандар кунт коюу менен угушту. Мындан улам анын келтирген далилдерин уккан киши Садыр Жапаровду айыптоо жана узак жылдарга эркинен ажыратуу саясий, укуктук жалаанын шоопурдун доорунда Атамбаев тарабынан мамлекеттик саясаттын мыйзамсыз, ыплас жана туруктуу деңгээлине көтөрүлгөндүгүнө ишенбей койбос эле. Адвокат бул аргументтерин Садыр Жапапоров камалган акыркы 15 айдан бери чарчабай-чаалыкпай, токтобой айтып келаткандыгына карабастан, бети чабандын эски өтүгүнүн таманындай катып калган бийлик жана соттор тоготпой келишти.

Адвокат тергөөчүлөр жана соттор тарабынан эч бир мыйзамга сыйбаган ыкмалардын колдонгондугун ырастаган кат жана видеожазуу түрүндөгү кошумча, жаңыдан алынган далилдердин даттануу арызына тиркелгендигин айтып өттү.

Кийинки сөздү адвокат Бакыт Асамудинов алып, ал да соттук коллегиянын көңүлүн тергөөчүлөр жана соттор тарабынан Садыр Жапаровго карата тээ 30-жылдардагы сталиндик-ежовдук саясий террордун доорундагыдай зомбулукка жол коюлгандыгын ынанымдуу далилдер менен айтып, мындай коркунучтуу көрүнүш менен коомчулук эч качан келише албастыгын белгилеп, соттолуучуну актап берүүнү талап кылды.

Иш күнү аяктап бараткандыгына байланыштуу төрагалык кылуучу бул күнкү процессти башка күнү — ​6-июнда улантууну сунуш кылды.

…6-июнь күнү саат 15те башталган сот процесси күн тартибине ылайык актоочулардын сөздөрүн угуудан башталды. Адвокат Акин ажы Токталиев өз сөзүндө коррупцияга баткан Атамбаев бийлигинин Садыр Жапаровго асылуусу, ага көз көрүнөө жалаа жаап, коомдо душманына карата өтө тескери пикирди түзүүгө тынымсыз аракети карасанатай бийликтин көп жылдардан бери келаткан жарандардын конституциялык укуктарын тебелеп-тепсөөсүнүн натыйжасы экендигин ынанымдуу далилдер менен айтып өттү.

Ошондой эле, адвокаттардын аксакалы болуп эсептелген Акин Токталиев ак жерден караланган Садыр Жапаровго адвокат болгондугу үчүн бийлик тарабынан — ​Атамбаев жана УКМК жетекчилери тарабынан куугунтукка алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып кала жаздагандыгын да айтып берди. Ал сөзүнүн аягында соттук коллегияны буга чейинки болуп келген саясий буюртманы колдобоого, Садыр Жапаровду толугу менен актаган өкүм чыгарууга чакырды.

Кезектеги сөздү алган адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Касымбек ажы Райымкул уулу өз сөзүндө ага чейинки айтылган кесптештиринин позицияларын толугу менен колдоорун билдирип, Атамбаев доорунда саясий куугунтуктар, буюртма процесстер мамлекеттик саясаттын деңгээлине чейин көтөрүлүп, соттук коллегиядан мыйзамдуулукту сактоону суранды жана өз пикирин бетке айтып, коррупцияны ооздуктоону талап кылгандар Садыр Жапаровго окшоп аёосуз жазаланууга дуушар болуп жаткан учурлар өнөкөткө айланып келгендигин баса белгилеп өттү.

— Коомдо бийликтин кадыр-баркы өссүн десек, мамлекетибиздин демократиялык кадыр-баркы калыбына келтирилсин десек, анда биз өз элине карата бийликтин укуктук зомбулукту практикалоо саясатын токтотушубуз керек, — ​деди Касымбек ажы Райымкул уулу, өз сөзүн аяктап жатып. — ​Ошондуктан, урматтуу соттук коллегия, сиздер бул багытта коомчулуктун жана адвокаттардын пикирлерин колдоого алууңуздар керек. Садыр Жапаровго окшогон ак жерден күйгөндөр толугу менен акталууга тийиш.

Кийинки сөз адвокат, ички кызматтын отставкадагы полковниги Эрнст Исаевге берилди.

— Мага чейинки сүйлөгөн кесиптештеримдин айткандарына толугу менен кошулам жана колдойм, — ​деди адвокат. — ​Убактыңыздарды алып, кайталап отуруунун кереги жоктур. Садыр Жапаров ачыктан-ачык коррупцияга каршы чыгып, кыргыз бийлигинин өз элине каршы жүргүзүп жаткан кылмыштуу саясатын сынга алгандыгы үчүн жалаага кабылып, 11,5 жылга кесилип отурат. Бул жагдайды өз убагында райондук жана шаардык соттор да түшүнүшкөн. Ага карабастан, ээлеген кызматтарын жоготуп алуудан корккон соттор бийликтин буйругун аткарууга мажбур болушкан. Ошондуктан, бүгүнкү соттук коллегияны буга чейинки кесиптештеринин кылмыштуу катачылыктарын кайталабоого, ак жерден камакта отурган эл уулу Садыр Жапаровду толугу менен актоого чакырамын.

Адвокаттардын биринин кезектеги сөзүнөн кийин төрагалык кылуучу жумуш сааты аяктап калгандыгын белгилеп, бүгүнкүгө процесстин аягына чыгууну сунуш кылды.

Бул жерде окурмандардын көңүлүн буруп, белгилеп кете турган нерсе — ​соттук коллегия мүчөлөрү тарабынан Садыр Жапаровго жалаанын негизинде мыйзамсыз, буюртма өкүм чыгарган Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыповго окшоп: адвокаттарды кагып-жиркип, сыйлабастык кылып, тоготпостук көрсөтүүнүн учурларына жол коюлган жок.

Келерки сот отуруму 13-июнга саат 15ке белгиленди.

Номанжан АРКАБАЕВ, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: