УКМК Атамбаевдин жакын жан жөкөрлөрү: экс-премьер Сапар Исаков, экс-мэр Кубанычбек Кулматов жана Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов үчөөсүнүн кылмыш иштери боюнча материалдарын текшерип, аларды камоого чечим кабыл алганда бул тууралу жогорку саясый жетекчиликке билдиришет. Ал жактан “орозо айы өтсүн, бул айда коё тургула” деген ишараат келет. Тергөөчүлөр аларды абакка алууну токтотуп, айрымдарына аймактан чыкпоо бөгөт чарасын көрүп, 17-июнду, орозонун аякташын күтүп калышат. Аңгыча бир билерман аты аталган үчөөсүнүн ичинен жалгыз гана Албек Ибраимов орозо тутуп, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов орозо кармашпаганын тактап, кайрадан жогорку саясый жетекчиликке чыгышат. Ошондо гана Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду абакка алууга каршылык жок экенин, ал эми Албек Ибраимовду орозо бүткүнчө камабай турса жакшы болмок деген ой айтылат. Ошентип орозо кармоонун дагы бир жакшы жагы – ал Албек Ибраимовду убактылуу абактан куткарып калыптыр. Бирок, Ибраимов орозо бүткөнчө чет өлкөгө качып кетпейби?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ