Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитин аяктап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Пекин шаарынан Циндао шаарына (КЭР) келди. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары болжолдонууда.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу,  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: