Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушуусун кытай телеканалы кандай чагылдырды

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков үч күндүк мамлекеттик визит менен, 6-9-июнда Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында болду. Ал визиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун КЭРдин Төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү. Жолугушуу аземи Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта  өттү. Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты. Жолугушуунун расмий аземинен жана делегацияларды тааныштыргандан  кийин Мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүү үчүн залга бет алышты.

Бул аземди Кытайдын бүт дүйнөгө жайылчу CCTV телеканалы төмөнкүдөй видеотасма менен чагылдырды:

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: