Menu

Видео – Бурулайдын жаркын элесине арналган “Ала качуу” аттуу кыска метраждуу көркөм фильм жарыкка чыкты

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы Өнүгүү программасы өздөрү каржылаган жаш режиссер Азим Азимовдун “Ала качуу” аттуу кыска метраждуу көркөм фильмин жарыкка чыгарды. 15 мүнөттүк фильмде Кыргызстанда кеңири жайылган кыз ала качуу салтын көркөм иликтөө аракети жасалган. Айрыкча кыз ала качуудагы аялдардын ролун ачып берүү далалаты алкоого татырлык. Режиссер Азим Азимов журналисттерге интервью берип жатып “Мени кыз ала качуудагы бир учур таңгалдырды, урдалып келген кыз эч нерсеге көнбөй кетүүгө аракет кылганда аны бир нече аялдар күчкө салып, бура бастырбай кармашат, андан да жулунуп чыкса эң кадыр-барктуу кемпир үйдүн астанасына жата калып “Кыргызда адамдын башын аттабайт, мени аттап кетпе, кары кишинин башын аттап кетсең, анда өмүр бою бактысыз болуп каласың!” деп жол торойт. Ушул салттын айынан көп кыздар кары кишинин башын аттабайын, бактысыз болуп калбайын деп олтуруп калган учурлар көп болот экен. Мен ушул көйгөйдү чагылдырайын дедим. Анан фильмибиз тартылып бүтүп калганда кыз ала качуунун айынан Бурулай өлтүрүлдү. Ошондуктан биз фильмибизди Бурулайдын жаркын элесине арноону чечтик”, – деп түшүндүргөн.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: