Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Бизнесмен Камчыбек Жолдошбаевге асылгынча буржуй шаарчада заңгыраган үйлөрдү салган мамлекеттик кызматтагы ууруларга асылбайсыңарбы!”

Бөлүшүү:

Бир канча күндөн бери айрым ММКлар тим эле бир чоң резонанс таап алышкансып “Камчыбек Жолдошбаевдин 2, 5 гектар жерде 52 бөлмө үйү бар экен деп жазып жатышат. Эми Камчыбек Жолдошбаевдин өмүр баянын жакшылап окуган киши бул кабарды окуп мыйыгынан күлөт да. Ал тээ 1991-жылдан бери жалаң гана бизнес менен алек болуп келе жатыптыр. Албетте, бизнесмен адам мээнет кылат, байыйт, анан тапкан акчасына мага десе он хан сарай салса да өз иши. Анткени мунун баары маңдай тер, мээнет да…

Баарыбыз дүнүйө жыйабыз, бала-чакабызды адал эмгек менен адам кылып тарбиялайлы деп темселеп жүрөбүз.

Камчыбек Жолдошбаевди Акаевчи дегиле, ал жетпей жатса Бакиевчи дегиле, бирок аны эч ким ууру же паракор деп айта албайт. Керек болсо ар бир кыргыз адал эмгек менен ушундай хан сарай салсын! Ар бир кыргыз адал эмгек менен машиненин мыктысын минсин!

Андан көрө буржуй шаарчада заңгыраган үйлөрдү салып, бирок өмүрү бир бизнес кылбаган бажычыларды, салыкчыларды, наркобарондорду бир иликтеп көрбөйлүбү? Кандай дейсиңер?

Адилет Айтикеев, журналист

PS. Төмөндө бизнесмен эмес, мамлекеттик аткаруу бийлигинде айлык алып жашаган ак жакалуу чиновниктердин Бишкектин буржуй шаарчасындагы үйлөрү:

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: