Menu

Тажикстанда менингитке каршы кошумча чаралар көрүлө баштады

Бөлүшүү:

Тажикстандын Санитардык эпидемиологиялык кызматы Казакстанда менингококк инфекциясынын күчөгөндүгүнө байланыштуу Душанбе аэропортунда кошумча алдын алуу чараларын көрө баштады.

Мекеменин башчысы Мизроб Низомовдун айтымында, мындай чаралар аталган оору күч алып жаткан Казакстандан Тажикстанга дээрлик күн сайын түз каттамдар аткарылып тургандыктан улам көрүлө баштады.

«Аэропортто санитардык-карантиндик көзөмөл жүргүзүлүүдө. Дене табы жогору адамдар ошол жерде орнотулган атайын жабдууларда текшерилет. Эгер бул ооруга шек болсо, анда жүргүнчү жакшылап текшерүү үчүн ооруканага жөнөтүлөт», – деди Низомов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстанда менингококк инфекциясы менен ооруканага жаткырылгандар жок.

Ал ортодо жыл башынан бери Казакстада бул ооруну жугузуп алган 59 адам катталса, алардын 21ин 14 жашка чыга эле балдар түзөт. Жалпысынан менингококк инфекциясынан 13 киши каза тапты: Алматыда — 6, Алматы облусунда – 4, Түштүк Казакстан облусунда – 2 жана Кызылордо облусунда – 1.

Менингококк инфекциясы — түрдүү симптомдор менен коштолгон курч мүнөздөгү инфекциялык оору.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: