Menu

Пекин Кытайда соттолгон 4 кыргыз жаранын Кыргызстанга өткөрүп берет

Бөлүшүү:

Быйыл Пекин Кытайда соттолгон төрт кыргыз жаранын мекенине өткөрүп берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын 17 жараны Кытайдын түрмөлөрүндө жатат. Алардын көбү оор кылмыш, маңзат менен кармалып соттолгондор. Былтыр Кытай эки кыргызстандыкты мекенине өткөрүп берген.

Кытайда маңзат аткезчилиги оор кылмыштардын катарына кирет. Акыркы жолу Кытайда камалган кыргызстандык жарандын өлүм жазасына тартылганы 2016-жылы ачыкка чыккан. Ал кезде маңзат менен кармалып, алты жыл бою абакта жаткан кыргызстандык жаран, 51 жаштагы Светлана Кулбаева Кытайдын Үрүмчү шаарында өлүм жазасына тартылган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: