Буга чейин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевди “дипломуңду көргөзчү байболгур” деп жаздык элек. Тилекке каршы, Таалайбек мырза дипломун таппай жатыптыр. Кайда калганын билбейт экен. Тактап айтканда, Оштогу технологиялык колледжден эсепчилик боюнча алган диплому табылбай жатканы маалым болду. Ал эми жогорку билим туурмлуу дипломду Сарыбашев Ош мамлекеттик юридикалык институгунан тогуз жылда алган. Кызык, диплому кайда экенин билбей эс-мас болуп, эмне ишти кыйратып жатат болду экен?.. Эң чоң облусту башкарган жетекчинин таз кейпи бул болсо, кантип алга жылабыз?.. Уят эле.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ