Menu

Чек ара кызматы заманбап “рэкэтчиликке” айланганбы?

Бөлүшүү:

Биздин чек арачылар «чөнтөк какмайды» адатка айланып алганы өкүнүчтүү. Атургай ал чөнтөк какмайын эми коомчулуктун алдында ачык жасап жаткандары абдан пастыктын, маңкуртчулуктун эн тамгасы болууда. Чек ара кызматынын башкы жетекчилиги ар качан аларга карата айтылган сынга жооп бербей, башын кумга тыккан страусча көөп жылдан бери жашап келет. Бирок, алардын чек арадагы аракеттери башка мамлекеттин элдерине Кыргызстанды ааламдын кайсы бир артта калган, жапайы мамлекеттериндей таасир калтырып жатканына ичиң ачышат. Ооба, ар бир сөздү факты менен сүйлөш керек. Андыктан биз далили менен кеп салалы. Эсеби маселен, Асел Киличева аттуу фейсбук колдонуучу өз баракчасына билдируү калтырып, анда «Көп жылдан бери Өзбекстан Республикасына менин туулган айылыма аз болсо да балалыгым өткөн жерге бардым. «Достук» чек арасына келдим. Өзүнүн орой мамилеси, жеткен текеберлиги менен кыргыз чек арачылары тосуп алды. Карыганбы, жашпы, оорулуубу эч кимдин иши жок. Адамдарды мал кайтаргандай мамиле кылып кыйкырат. Эң негизгиси Кыргызстанда иштеп жүргөн Өзбекстан граждандарынан ачык айрым эч кимди көзгө илбей 200 сомдон миң сомго чейин акча алып жатышты. Ал нерсе мага таң калычтуу эмес, көп жыл мурда да акча алышчу. Бирок, кезекке мынча адам чогулуп адамдарга ыңгайсыздык жаратчу эмес. Тердеп түртүшүп араң өткөндөн соң Өзбекстан чек арасында да ушундай болсо керек деп коркуп бардым. Баардык оюм тетирисинен чыкты. Жакшынакай учурашып, ак жол тилеп коё берди. Сүйүнүп үйүмө барып сагынчымды жаздым» – деп айтып чыкты. Асел Киличева бул эч кандай фейк эмес. Анан бул жерде жазылгандар да бир эле адамдын ою эмес. Ал жерде мындай фактылар күнүгө болуп турат. Бирок, Чек ара кызматынын жетекчилиги неге буга көз жумуп келет? Же капчыктарына калың акча түшүп турганы үчүнбү?

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: