Menu

Абиш Халмурзаев Баткенде ким жетекчи экенин тажиктерге көрсөтө алганга кудурети жетчү кадрбы?

Бөлүшүү:

Баткендин Лейлек районундагы Максат айылына тажиктердин чек арачылары курал менен кирип келип, жергиликтүү элдин үшүн алып жатса, Баткен губернатору Абиш Халмурзаев салкын кабинетинен чыкпай олтуруп алганы үчүн эмнеге жумушунан куу шыпыргы менен шыпырылбайт? Биздин чек арачылар барып, тажиктерди “бүктөп”, чыр эл аралык деңгээлде көтөрүлсө да Халмурзаев ордунан козголбоптур. Бийликтин ошол облустагы өкүлү болгон соң кабар жетери менен жөө болсо да жетип барууга Халмурзаев милдеттүү болчу да. Качан гана Жогорку Кеңеште депутат Таабалды Тиллаев чек арадагы чырды көтөрүп, маселени токтоосуз кароо керек экенин айтып чыккандан кийин, Баткен облусунун “лөгү” көчүгүн көтөрүптүр. Тиллаев унчукпаса Халмурзаев да салкын жерде телефондон эле ишти жайгара бермек экен да. Тажиктер бул маселе боюнча Халмурзаев менен сүйлөшүүгө барбай койгону айтылууда. Деги Халмурзаев облуста ким жетекчи экенин көрсөтө алганга кудурети жетчү кадрбы? Бир гана Халмурзаев үчүн эмес, парламент үчүн да чек арада чыр негизги маселе эмес экен. Мамлекеттин бүтүндүгүн бузуп, айыл жашоочуларына бүлүк салып чет өлкөнүн аскери курал көтөрүп кирип келип жатса, депутаттар бул маселени комитетте кароого жөнөтүп коюп, өздөрү кара жащик аталган КТРК боюнча отчёт угуп олтурушту. Чек ара көйгөйү 120 депутаттын арасынан бир эле Тиллаевге керек экен да деген ой жаралды..

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: