Menu

Шадиевдин “шалбыры” таза болсо качат беле?

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 28-апрелинде мурдагы биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеңештен 30 миң доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин: «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге «2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн»-деп айып тагылган. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Шадиевдин сандаган байлыгы чубалып чыгып, «Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген бул эргул мынча байлыкты каяктан топтогон» -деген бүшүркөө коомчулукту козуткан. Ал ортодо Шадиев бир нерсенин жытын сезгенби, айтор шарт эле «ооруй» калып, чет өлкөгө дарыланууга кеткенин анын жакын туугандары айтып чыгышкан. Качан гана Шадиев чет өлкөгө «дарыланганы» чыгып кетти деген маалыматтан соң, кылмыш иши козголгонуна бир айдан ашык убакыт өтүп кеткенде, же анча-мынча акылы кем бирөө деле алиби чогултуп алгыдай мүмкүнчүлүктөн соң 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган. Эмнеге «сырттан»? Анткени, биздин өтө кыраакы УКМК Аскарбек Шадиевдин кайда экенин аныктады. «Аскарбек Шадиев 27-май күнү Исфана шаарында жакынын жерге берүүгө катышып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз (суу кечип) өткөн» -деп расмий «сүйүнүчтөрүн» жарыялашты. Тагыраагы, Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-майда Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткен. Эгер Шадиевдин арты таза болсо “шалбары” сууга малынганына карабай качмак беле? Биздин аткаминерлер абийир деген түшүнүктүн акыр заманында жашап калыштыбы?

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: