Menu

Шаирбек Ташиев, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: “Ар бирибиз элге берген убадаларыбызды аткарышыбыз керек”

Бөлүшүү:

-Шаирбек Кыдыршаевич, Жалал-Абад шаардык мэрлик кызматка аттанып жатыптырсыз…

—Биринчиден партиялаштарым мени мэрликке көрсөтүштү. Тагыраак айтканда,  Жалал-Абад шаарындагы Ата-Журт партиясынын мүчөлөрү жана депутаттары чогулуп, мени сунушташты. Баш тартууга болбой калды. Депутаттыкка аттанып жатканда эле: «Элге кызмат кылалы» деп келгенбиз. Өзүңүздөр билгендей учурда Жалал-Абад шаарынын башчысы жок. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу шаардын баардык көчөлөрү казылып, келген коноктор менен шаардын жашоочуларына ыңгайсыздык жаралып жатат. Баардык иштер мэрдин жоктугуна байланыштуу солгундап турат. Ушундай кыйчалыш убакта кызмат кылбай качан кылабыз деп мэрлик кызматка аттанып жатабыз.

—Бул боюнча агаңыз Камчыбек Ташиев менен кеңештинизби?

—Жалал-Абад шаарындагы партиянын мүчөлөрү менен депутаттары чечим чыгаргандан кийин протоколдук чечимди партиянын лидери Камчыбек Кыдыршаевичке жибергенбиз. Ал киши: «Ушундай чечим кабыл ала турган болсоңуздар мен кабыл алам» деп туура кабыл алды.

—Эгерде мэр болуп шайланып калсаңыз ушул иштерди жасайм деп пландаган иштериниз барбы?

—Кудай буйруп шайланып калсам бир жума десем аша чаап калам, жарым айдын ичинде Жалал-Абадда мэр алмашкандыгын баардыгы сезишет. Шаарды ирээттеп, тартипке келтирбесек болбойт. Ишкана жетекчилери кандай иш кылаарын да өздөрү билбей жүрүшөт. Биз аларга жерлерди бөлүп берип, өздөрүнүн үйүн кантип карашса бак дарактарды тигип, жолду карай турган кылабыз. Эгерде аны жасабаса алмаштырып, эли журтума иштеп берем дегенлерди алып келебиз.

—Суу тармагындагы түтүкчөлөрдү алмаштырабыз деп баардык көчөлөр казылып, топурактар сыртта жатат. Бир көчөнү жасап бүтүп экинчисине өтүшсө болбойт беле?

—Бул тартипке келтирип, бир адам башкарып план менен иш алып барбагандын белгиси. «Бүгүн бир көчөнү казып, түнү менен жаап, анан иш алып баралы» деп эч ким айткан эмес. Чоң шаарларда казуу, жабуу, асфальт иштерин түндөсү жасайт. Биздикилер болсо күндүзү алып келип казымыш болуп, күрөктөрдү асманды каратып ыргытып коюп жумушчулар иш боюнча депутаттар безилдеп айтып келе жатабыз. Ишти аракет жасап, түз ниет кылса болот. Мэрликке баратканымдын да себеби ушул. Катуу иштеп, эл журтка жумуш жасалып жатканын сездириш керек. 410 миллион сом бюджетибизден алып чөнтөгүнө салып алгандардын колун тыйып, керек болсо өзүмдүн чөнтөгүмдөн кошуп иштегенге даярмын. Бул иштеги шалаакы мамиле кылган суу каналдын башчылары, компаниялардан ортодо тапшырык алып иштеген фирмаларга чоңураак муштум керек болуп жатат окшойт.

—410 миллион шаар бюджети акча шаарды толугу менен камсыздоого жетеби?

—Жок, бул жетишпейт. Борбордук казынадан дагы 200 миллионго сомго чейин алып келгенге туура келет. Анткени көптөгөн курулуш иштери аягына чыкпай токтоп турат. Дубалдары көтөрүлүп, бирок бүткөрүлбөй турган мектеп бала бакчаларды бүтүрбөсөк алар эртең урап түшүп калышы мүмкүн. Ошого кеткен чыгашалар зыянга учурап калат. Инвестиция тартууда өзүбүздүн тегерегибизден эмес, чет өлкөдөн да тартууну үйрөнүү зарыл. Элчилик менен иштешип, инвесторлорду таап жок дегенде бирден мектеп же бала бакчага алып келсек жаман иш болбойт эле.

—Элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилгенби?

—Учурда таза суу көйгөйү боюнча биринчи фазасын бүттүк. 2019-жылдан баштап алмашылбай калган эски түтүктөрдү алмаштырабыз. Бул 8 миллион евролук иш. Анын 4 миллиону грант, 4 миллиону кредит катары алынган.

-Жалал-Абад шаары туурасынан өсүп жатканын байкап жаткандырсыздар, тикесинен өстүрүүгө багытталган пландар барбы?

—Менин мэрликке аттанып жатканымдын дагы эң бир көйгөйү ушул. Инвесторлор менен өзүм сүйлөшкөм. Россия менен Турциядан келип куруп беребиз деген инвесторлор бар. Кыргызстандагы аты аталып. жакшы үйлөрду салып, ийгиликке жетишип жаткан фирмалар менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер Кудай буйруп мэр болуп калсам, шаардын аткаруу бийлиги менен биргеликте он кабаттуу үй курганга жер бөлүп беребиз. Бир жылда жок дегенде төрт бештен куруп олтуруп үч төрт жылдын ичинде көп эле үйлөр курулат. Он кабат үй курулса биринчи кабаттарынын баарын бюджетке алып калып, мугалимдерге же врачтарга же ишканаларга берип көйгөйлөрдү чечип алабыз. Учурда көп кабаттуу үйлөр аз-аздан салынууда. Муну массалык түрдө көбөйтүү зарылдыгы бар.

—Жогорку кызматка аттанып жатканда ички интригалар, атаандаштар так маңдайдан чыгат, чочулаган жоксузбу?

—Жок, мен эч качан ички интригадан чочубаймын. Баардык адамдар менен түз сүйлөшөм. Ал адам менен биринчи жолугамбы же өмүр бою мамиле кыламбы баардык адамдар менен сырдаша алам. Жаман көрсөм да, жакшы көрсөм да ачыгын эле айтам. Интрига адамдын өзүндө, тегерегинде болот. Ачык адам болсо эч качан интрига ага бут тоспойт.

—Атаандаштарыныздын баары өзуңүздүн эле жаныңызда жүргөндөр экен. Коркунуч жокпу?

—Туура, менин айланамда кызматташып жүргөн адамдар. Кээ бирлери менен катташып жүргөм. Алар дагы элге кызмат кылайын деп жүрүшөт. Жогору бийликтеги кызматка барам деген амбициялары бар талапкерлер. Аларга ийгилик каалаймын. Алланын буйругунан эч кайда кача албайбыз, баары Алланын колунда. Анан дагы Улуу Рамазан айында турабыз. Ар бирибиз элге берген убадаларыбызды аткарышыбыз керек. Аткарбай калсак Жараткандан жазабызды күтө берсек болот.

—Сиздин деле жогорку кызматка барсам деген амбицияларыныз болсо керек?

—Биринчи кичинекей шаарыбызга эмгегибизди сиңирип алалы. Анан Кудайдын буйруганын көрөбүз. Алла күч кубат берип турса, кыргыз элинен эмгегибизди аябайбыз.

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: