Menu

Руслан Казакбаев: коррупцияны жазалоо, камоо ыкмасы менен жеңүү кыйын

Бөлүшүү:

-Руслан Айтбаевич, биринчи жолу экс-премьер министр коррупцияга айыпталып камалды. Бул коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн туюнтабы?

– Коррупцияга каршы күрөш экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда эле башталган. Ал эми президент Сооронбай Шарипович февраль айындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупциялык күрөштү тереңдетээрин, ага саясий эрк жетээрин айтпады беле. Демек, азыркы көрүнүш коррупцияга каршы күрөштүн улантылып, жаңы этапка чыкканын билдирет. Албетте, коррупцияны жазалоо, камоо ыкмасы менен жеңүү кыйын. Ал үчүн бала бакчадан тартып, маалыматтык түшүндүрүү, идеологиялык иштер системалуу жүрүш керек. Башкача айтканда алдын-алуу чарасы көрүлүүгө тийиш.

– Айрымдар Сапар Исаковдун камалышын саясий куугунтуктун бир көрүнүшү катары карашууда. Сиз мындай ой-пикирлерге кандай карайсыз?

– Коомчулукта бир учурда экс-премьер министр Сапар Исаковдун, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин шашылыш камалышына карата саясий куугунтук бар деген ойлор жаралып жатса керек. Эч жакка чыкпоо шарты менен тергөөгө өз учурунда келип сурак берип жатышканына карабай баш коргоо чарасы шашылыш өзгөртүлүп, камакка алынышы мага деле түшүнүксүз болду. Балким айрым бир кылмыш иши козголгон шектүүлөрдүн качып кетиши, кандайдыр бир деңгээлде коопсуздук чарасын көргөнгө түртсө керек. Бирок тергөө менен тыгыз кызматташып, айткан убагында келип сурак берип жаткандарга гумандуу мамиле жасалып, үй камагында деле тергөө жүргүзүшсө болмок деп ойлойм. Албетте, баш коргоо чарасын өзгөртүү соттун өкүмү менен ишке ашып жаткандыктан, эч ким соттун чечимине кийлигише албайт.

Ал эми саясий куугунтук деген сөздөрдүн чыгышы элдин укук коргоо органдарына, сотторго болгон ишеними аябай төмөн түшүп кеткенин билдирет. Саясий куугунтук эместигин далилдөөнүн бир гана жолу бар. Саясий бийлик, президент өзү баш болуп, тергөө органдарынын иши калыс, адилет болушун өзгөчө катуу көзөмөлгө алыш керек. Жөнөкөй карапайым адамдардан тартып, бийликтин эң жогорку сересиндеги адамдарга чейин мыйзам баарына бирдей. Саясий куугунтук экенин же чындап күнөөсү бардыгын бир гана сот аныктайт. Акыйкаттык соттун чечимине көз каранды. Демек, камалгандардын чындап күнөөсү бар болсо, мыйзам алдында жазасын алууга тийиш. Эгер сот ак жеринен камалганы туурасында чечим чыгарса, анда саясий куугунтук бар деген сөздөрдүн чындыгы бардыгы далилденет. Мындай шартта кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзгөн тиешелүү органдын кызматкерлери жоопко тартылышы кажет.

– Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон Аскар Шадиевдин качып кеткенин тиешелүүлүк коргоо органдары жашырып келип, бир айдан соң гана ачыкка чыгарды. Коомчулукта атайын качырышты деген пикирлер айтылып жатат. Сиз кошуласызбы?

– Мени эми атайын качырышканын билбейт экенмин. Бирок тоо аралап, суу кечип качып кеткен дегенге ишенбейм. Себеп дегенде, чоң саясий кызматтагы чиновникке же көрүнүктүү, элге төбөсү көрүнгөн адамга кылмыш иши козголгон болсо, анын Кыргызстандан чыгып кетпөөсүн көзөмөлгө алганга ошол ИИМ, Башкы прокуратура, УКМКнын толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: