Menu

Жалал-Абадга жаңы мэр, төрага шайланды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп, анда шаар мэрин жана шаардык кеңештин жаңы төрагасын шайлоо маселелери күн тартибине киргизилди. Бул туралуу Жалал Абад шаардык мэриясынын маалыматтык борбору билдирет.

Шаардык кеңеште жакын арада эле түзүлгөн “Үлгүлүү шаар үчүн” көпчүлүк коалициясы тарабынан шаар мэринин кызматына буга чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Мураталы Тагаевдин, ал эми “Ата-Журт” фракциясынан фракциянын лидери Шайырбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Талапкерлер шаарды өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн платформалары менен тааныштырышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришкен соң, аймактык шайлоо комиссиясы жашыруун жабык добуш процедурасын баштап, сессиядагы катышып жаткан 30 депутат добуш берүүгө катышышты.

Натыйжада, Мураталы Тагаев 18 добушка, Шайырбек Ташиев 11 добушка ээ болушту. Ал эми бир шайлоо бюллетени шайлоо кимиссиясы тарабынан жараксыз деп табылды. Ошентип, көпчүлүк коалициядан көрсөтүлгөн Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды.

Сессияда ошондой эле шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Мэр болуп шайланган М. Тагаев төрагалык кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны депутаттар канааттандырышты. Ал эми анын ордуна депутаттык корпус тарабынан депутат Жолдошев Айбек Дөөлөтбекович көрсөтүлүп, анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.

Сессия учурунда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп турган Сапар Аканов кызматтан кетүү тууралуу арыз берип, депутаттар анын арызын канааттандырышты. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп депутат Эрнисбек Ормоков шайланды.

Эскерте кетсек, азыркы сегизинчи шайланган шаардык кеңеште 31 депутат бар. Сессияга бир депутат келбей калды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: