Menu

Полиция Астана мааракесинде селсаяктарды шаардан чыгарбоого убада берди

Бөлүшүү:

Казакстан ИИМинин административдик полиция комитетинин башчысы Игорь Лепеха Астананын 20 жылдык мааркесин белгилөө учурунда туруктуу жашаган жери жок кишилер калаадан чыгарылбай турганын айтты.

«Бизде атайын кармоо жайлары бар. Эгер туруктуу жашаган жери жок кишилердин документи болбосо, тек-жайын тактаганга чейин аларды ошол жакка алып барып жайгаштырабыз. Аларды атайын учак менен же поезд менен алып кетүү деген болбойт. Мыйзам бузгандар гана бизге жайгаштырылат. Туруктуу жашаган жери жок кишилер гана», —деди Лепеха.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, 2017-жылы июнда социалдык түйүндөрдө туруктуу жашаган жери жок адамдардын EXPO-2017 көргөзмөсү учурунда Астанадан чыгарылып жатканы түшүрүлгөн видеожазуу тараган. Кийинчерээк полиция бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

2017-жылы декабрда Астана Ички иштер департаментинин жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Бахытжан Малыбаев EXPO алдында шаардан туруктуу жашаган жайы жок 200дөй киши чыгарылганын маалымдаган.

Казакстан Борбор күнүн 6-июлда белгилейт. Бул дата казак президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө дал келет. Расмий маалыматтар боюнча Астананын 20 жылдыгын белгилөөгө бюджеттен 19 миллиард теңге (57 миллион теңге) бөлүнгөн.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: