Menu

Тбилисиде демонстранттарды кармап кетишүүдө

Бөлүшүү:

Тбилисиде полиция Бирдиктүү улуттук кыймылдын ондогон мүчөлөрүн жана тарапташтарын кармап кетти. Борбор калаанын чок ортосуна тигилген чатырларды чечишти.

Кармалгандардын арасында депутат Ника Мелия жана шаардык кеңештин мүчөсү Иракли Надирадзе да бар.

11-июнда полиция митингди уюштургандардын бири Звиад Куправаны, катышуучулардан дагы үчөөнү “бейбаштык кылды” деп кармап кетенин билдирген.

Тбилисиде эки окуучунун өлүмү менен бүткөн мушташ боюнча 31-майда сот чечими чыккан. Бирок алардын бирин ким өлтүргөнү белгисиз бойдон калган. Буга күйгөн баланын атасы митинг уюштуруп, аны миңдеген адамдар дароо колдоду. Нааразылар өкмөт башчы жолуккандан кийин ага 10-июнга чейин тиешелүү адамдарды жазалап, кайра тергөө өткөрүү талабы коюлган.

Беш күн ичинде мушташка катышкан балдардын биринин атасы, прокуратурада жогорку кызматта иштеп, ошол мушташтан кийин кызматтан кеткен Мирза Субелиани, дагы бир киши кармалган. Аларга “далилдерди жашырган” деген айып тагылды. Бул митингчилерди ынандырган жок. “Башкы талап – уулумду өлтүргөн адамды жазалоо” деди Заза Саралидзе.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: