Menu

Ташкентте милиция кызматкерлерин көчө шыпырууга мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Ташкентте укук коргоо кызматкерлери мажбурлап көчө тазалоо иштерине тартылып жатканын айтып даттанышууда. Милиционерлердин айтымында, алар бир айдан бери көчө шыпырып, калааны иретке келтирүү менен алектенишүүдө.

“Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, мажбурлап көчө тазалатуу иштерине 40 жашка чейинки кызматкерлер тартылууда.

“Ар нөөмөттө 30 кишинин 10у тазалык иштерине жөнөтүлүүдө. Бул үчүн алар жарандык кийим кийүүгө милдеттүү. Колубузга күрөк жана кетмен карматышат. Отоо чөптөрдү жана куурап калган дарактарды кыябыз. Гараждарды талкалайбыз. Кимге даттанарыбызды билбейбиз. Жардам бергиле”, – деди атын атагысы келбеген милиция кызматкери.

Башка бир кызматкер негизги жумушунан кийин тазалык иштерине тартылгандар 34-35 саат үйлөрүнө кайтпай турганын билдирди. Алардын арасында орозо кармагандар да бар.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү бул маселени иликтөөгө убада берип, бирок кийин телефон чалууларга жооп беришкен жок.

Өзбекстан өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майдагы токтомуна ылайык, өлкөдө мажбурлоо иштерине тыюу салынган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: