Menu

Дрезден шаарында Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Дрезден шаарында (Германия) Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында фотокөргөзмөнүн жана «Каркыралардын убадасы» китебинин бет ачары өткөрүлдү. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарада Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги залкар жазуучуга арналган фотокөргөзмөнү уюштурду. Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндө жана чыгармачылыгында жасалган сүрөттөр катышуучуларга абдан кызыктуу болду.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн атынан Элчиликтин кеңешчиси Асхат Рыскулов сөз сүйлөп, иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2018-жылы Кыргызстанда жана бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жазуучунун 90 жылдыгынын алкаганда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов тууралуу кыска документалдык тасма, тактап айтканда Германияда болгон видеокадрлар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жазуучу-айтматовчу Ирмтрауд Гучке жазуучу менен бирге иштешкендиги тууралуу бөлүшүп, ошондой эле өзүнүн «Каркыралардын убадасы» аттуу автордук китебинен үзүндүлөрдү окуп берди.

Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка болгон өзгөчө ролун жана олуттуу салымын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: