Menu

Трамп: Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иши «өтө тез» башталат

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иштери «өтө тез» баштала турганын билдирди.

Шейшемби эртең менен Сингапурда АКШнын президенти менен Түндүк Корея лидеринин тарыхый жолугушуусу болду. Трамп түндүк кореялык лидер менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешээрин билдирди.

АКШ президенти түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. «Ким экөөбүз үчүн бул жакшы күн болду. Биз бири-бирибиз, өлкөлөрүбүз жөнүндө көп нерселерди биле алдык», — деди Трамп.

АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн өтө таланттуу адам» деп баалады. Ал ошондой эле Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырууга ниети бар экенин да кошумчалады.

Трамп менен Ким сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен декларацияга кол коюшту. Трамп аны «өтө маанилүү» жана «бардыгын камтыган» документ деп атады.

Ким Чен Ын Дональд Трамп менен жолугушуусу «тынчтыкка карата жакшы кадам» болгонун белгиледи. Бирок ал өлкөнүн өзөктүк куралдан баш тартуу ниети тууралуу журналисттердин суроосун жоопсуз калтырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: