Menu

Тоолуу-Бадахшандын башчысы: биз элге алкогол сатууга тыюу сала албайбыз

Бөлүшүү:

Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун башчысы жергиликтүү калктын нааразылыктарына карабастан, бийлик аймакта спирт ичимдиктерин сатууга толук тыюу сала албай турганын билдирди.

«Тажикстан – ислам өлкөсү эмес, демократиялык жана укуктук мамлекет. Биз облус аймагында ичкилик сатууга толук тыюу салууну талап кылып жаткандар менен макул эмеспиз. Бирок ошол эле маалда алкоголдун сапатын текшерип туруу зарыл. Дагы бир жолу кайталайм, биз алкогол сатууга толук тыюу сала албайбыз», — деди автономдук облустун башчысы Шодихони Жамшед.

Анын айтымында, Тоолуу-Бадахшанга жыл сайын он миңдеген туристтер менен саякатчылар барып турушат. «Бизде заманбап мейманкалар курулган жана алардын кардарлары сапаттуу алкогол ичимдиктери менен камсыз болушу керек», — деп белгиледи Жамшед.

​Облус башчысы бир нече күн мурда спирт ичимдиктеринин сатылышын тартипке салуу боюнча ийгиликсиз иши үчүн Хорог шаарынын бийлигин сындаган катка 3 миңге жакын жергиликтүү тургун кол коюп кайрылганын ырастады. Алар облуста контрафакт продукцияларды саткан «спирт мафиясы» иштей турганын билдиришкен.

Жергиликтүү активист Набот Додхудоева шаар тургундары сапатсыз ичкиликтин сатылышына тынчсызданып жаткандыктарын билдирүүдө. Анын айтымында, былтыр сапатсыз арактан улам Хорогдун үч жашоочусу каза болгон. «Азыр айрым тургундар облуста алкогол сатууга толугу менен тыюу салууну талап кылып жатышат. Башкалары спирт ичимдиктеринин сапатын катуу көзөмөлдөп, алардын сатылышын тартипке салуу керектигин айтышууда», – деди ал.

Облус башчысы Шодихони Жамшед калктын даттануусунан кийин аймакта алкогол сатууга чектөө киргизүү чечими кабыл алынганын билдирди. «Азыр шаардагы 9 гана дүкөндө спирт ичимдиктери сатылууда. Алкоголду эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин сатып алса болот. Ошондой эле мектептерге, балдар мекемелерине, ооруканаларга жакын жерлерде, коомдук жайларда сатууга тыюу салынган», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: