Menu

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга «Digital CASA» долбоорунун алкагында 50 млн доллар насыя жана грант берет

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» – Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу долбоорун жактырды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Андан тышкары, «Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду. Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш. «Санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Бул долбоор Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, киреше да алып келет. Анткени, келишимдин талаптарына ылайык, иш жеке менчик компания тарабынан аткарылат», – деди Бакыт Шаршембиев.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев парламент тарабынан макулдашуу тезинен ратификацияланбаса, «Digital CASA» – Кыргыз Республикасы” долбоору бизден кетип калышы мүмкүн экенин билдирди. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев да муну ырастады. “Чын-чынына келгенде, Кыргызстан графиктен кыйла артта калды. Ал Өзбекстанга кетип калышы мүмкүн, жакында алардан да сунуш түштү. Аларда макулдашууларды ратификациялоо жол-жоболору жөнөкөй”,- деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: