Бүгүн, 12-июнда КР Башкы прокуратурасы абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароодон баш тартты. Бул тууралу Текебаевдин адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдирүү таратты.
Башкы прокуратура Текебаевдин адвокаттары арызда көрсөткөн жагдайлар жаңы ачылган жагдайлар эмес, алар мурун сот иликтөөсүндө да каралган деп чечкен.
Эсиңиздерге сала кетсек, 22-майда Текебаевдин адвокаттары КР Башкы прокуратурасына кайрылып, алардын клиентинин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгууну суранышкан. Алардын ою боюнча Текебаевге каршы көрсөтмө берген Россиялык жарандар Маевский менен Модиндин айткандарын жокко чыгарган алардын далилдери бар. Текебаев Бишкектеги N47-абакта жазасын өтөп жатат. Ал Маевский менен Модинден 1 млн долар пара алган деген айып менен “Коррупция” беренеси боюнча 8 жылга соттолгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ