Human Rights Watch укук коргоо уюму Сингапурдагы саммиттен кийин Дональд Трамп менен Ким Чен Ын тарабынан кол коюлган документте Түндүк Кореядагы адам укуктары тууралуу эч нерсе жазылбаганын белгиледи.
«Сингапурдагы саммит маалында Ким Чен Ын менен Дональд Трамп кол койгон декларациянын текстинде адам укуктарына байланышкан тынчсыздануулар тууралуу эч нерсе жазылган эмес», — деп билдирди уюмдун Азия боюнча директорунун орун басары Фил Робертсон Твиттер аркылуу.
12-июндагы саммиттин соңунда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери «бардыгын камтыган» биргелешкен документке кол коюшкан. Ага ылайык, Ким Чен Ын Корей жарым аралын толугу менен өзөктүк куралдан арылтуу, ал эми Дональд Трамп Түндүк Кореянын «коопсуздугун кепилдөө» ниеттерин билдиришти.
Документте булар аткарыла турган мөөнөттөр, ошондой эле Корей жарым аралындагы адам укуктарынын сакталышы тууралуу эч нерсе жазылган эмес.
«Биз бүгүн, кечээ жана бир нече апта мурда болгон нерселерге багыт алышыбыз керек. Эң маанилүү нерселер дал ошондо башталган», — деди Трамп Түндүк Кореядагы адам укуктары тууралуу «Америка үнүнүн» суроосуна жооп берип жатып. Бирок кийинчерээк Fox News телеканалына берген маегинде президент Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалы жакшы жакка өзгөрөт деген үмүтүн билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ