Menu

Кытай Казакстандын бажы бекеттерин модернизациялоого насыя берет

Бөлүшүү:

Кытай тараптан казак өкмөтүнө бериле турган узак мөөнөттүү насыя өлкөнүн тышкы карызынын көбөйүшүнө алып келбейт. Бул тууралуу 12-июнда Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов билдирди.

«Бул узак мөөнөттүү насыя болот. Каржы шарттары дагы талкууланат. Болжол менен эки пайыздык үстөк менен берилет. Тактап айткандай, бул өтө арзан насыя болот», — деди ал. «Интерфакс-Казакстан» агенттигинин маалыматына караганда, мында кеп 100 миллиард теңгелик (300 миллион доллардын айланасында) насыя жөнүндө болууда.

Султановдун айтымында, Кытай жеңилдетилген насыяны бажыдагы өткөрмө бекеттерди модернизациялоо үчүн берет. Министр учурда болжолдуу келишим макулдашылганын белгиледи.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Кытайга болгон өткөн жумадагы сапары маалында кызматташуу тууралуу онго жакын документке, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүү тууралуу Казакстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге кол коюлган.

Назарбаевдин бул сапары маалында кытай тарап Казакстандагы инфраструктуралык долбоор үчүн 727 миллион доллар насыя бере тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр пайда болгон.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: