Menu

Украина Орусияга каршы доо арыздын алкагында БУУ сотуна меморандум жөнөттү

Бөлүшүү:

Украинаны колдоо акциясы (архив сүрөт).

Украина Орусияга каршы жазылган доо арыздын алкагында БУУнун эл аралык сотуна кеңейтилген меморандум жөнөттү. Буга чейин Киев Москваны терроризмди каржылоого жана расалык басмырлоого айыптаган.

Украинанын президенти Петр Порошенко «меморандумдун берилиши Орусия күнү белгиленген 12-июнга туура келгенин өтө символикалуу деп атады. «Меморандумда соттун практикасы үчүн абдан көп далилдер бар», — деп жазды ал Фейсбук» баракчасына.

Украин ТИМ башчысы Климкин Твиттер аркылуу меморандум 29 томдон жана 17,5 миң беттен турарын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министринин европалык интеграция маселелери боюнча орун басары Елена Зеркаль Москва соттун юрисдикциясы боюнча каршылыгын билдирет деген божомолун айтты. Анын пикиринде, бул иш Эл аралык соттун юрисдикциясына кирээр-кирбесин териштирүү үчүн бир жарым жыл убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Быйыл январда жазган доо арызында Киев Орусияны «терроризмге демөөрчү» деп таап, аны Донбасстагы жикчилдерди колдоосун токтууга милдеттендирүүнү талап кылган. Андан тышкары украин тарап Орусияны Донецк облусунда атып түшүрүлгөн малайзиялык «Боинг» учагы жана Укрина чыгышында жай адамдарды аткылагандыгы үчүн компенсация төлөтүүнү өтүнгөн.

19-апрелде БУУнун эл аралык соту Орусияны крымдык татарлардын укуктарын кемсинтүүнү токтотууга жана Крымда украин тилинде билим алууну жеткиликтүү кылууга милдеттендирип, Украинанын талаптарын жарым-жартылай канааттандырган. Анда Орусия ТИМи Эл аралык сот «Крымдын макамы тууралуу» Киевдин билдирүүсүн колдобогонун маанилүү деп эсептей турганын билдирген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: