Menu

Албек Ибраимовго оңтойсуз суроолор: Деги Атамбаев ишеним арткан кадрлардын арасында таза иштегендер бар беле?

Бөлүшүү:

Албек Сабирбекович, сиз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын ишенимдүү кадрларынын бирисиз. Учурда Атамбаевдин командасынан жогорку кызматты ээлеп турган жалгыз сиз калдыңыз. Бул сиздин кыйындыгыңызды билдиреби же кезек жете элекпи? Дегенибиз, табакташ санаалаштарыңыздын көбү иштен кетип, айрымдары сурак берип СИЗОдо отурат. Сизге дагы «Дастан» ишканасын жетектеп турганыңызда мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келген деген негизде кылмыш иши козголду. Бүгүн-эртең абактан орун алып калышыңыз мүмкүн болуп турат. Деги Атамбаев ишеним арткан кадрлардын арасында таза иштегендер бар беле? Бслсо кимдер экенин айтып бере аласызбы? Анткени азыркы кезде мурунку бийликтин тушунда эң жогорку кызматтарды аркалагандардын көбү ичип-жегенге аралашканы айтылып, шектенүү күч. Алардын сап башында сиз да барсыз. Өзүңүздү кандай иштедим деп айта аласыз? Дегенибиз, сиздин «Манас” аэропортун жетектеп турганыңызда жүргүнчлөрдү тамак-аш менен тейлөөчү, баасы 3-4 миллион доллар турат делген цехти 12 миллион долларга сатып алганыңыз шек жаратты эле. Ортодо канча каражатка туйтундуңуз? Коррупцияга айыпталып кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов менен биргелешип, «Манас» аэропортуна учуп-конгон самолётторду авиакеросин менен камсыздай турган фирмаларыңыз боюнча да суроо көп. Эми ушунун баары иликтенгени турат. Мындан сырткары Бишкек эркин экономикалык аймагын башкарып турганыңыздагы ишмердүүлүгүңүз, мэр болуп иштеп жаткандан бери Кытайдан келген гранттар, жер сатууга байланышкан кыңыр иштериңизди казышса, коррупционер атыкпай аман-эсен чыгасызбы?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: