Билим берүү жана илим министрлигинен ырасташкандай, Ош облусунун мектептери коңшу мамлекетке эс алууга окуучу жөнөтүүдөн баш тартышты. Аталган мекеме өлкөнүн бардык облустарынын, райондорунун билим берүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө жайкы лагерге балдарды тандоо боюнча кат жөнөткөн. Ош облусунан башкасы бүт окуучулардын тизмесин тапшырышты. Ошондуктан, Ош облусу баш тарткандыктан, Кытайга бара тургандардын тизмеси кыйла эле өзгөрдү.
Айтмакчы, Кытайга барып-келиш жол киресин окуучулар өздөрү гана төлөшөт. А калган чыгымдарды Кытай тарап гана көтөрөт. Ошондуктан, коңшу мамлекетке республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарга татыган, жүрүм-туруму үлгүлүү, коомдук иштерге абдан активдүү аралашкан окуучулар гана иргелип алынды.
Кошумчалай турган жагдай: 2016-жылы Кытайдагы Жайкы Лагерине ШКУга мүчө өлкөлөрдүн окуучулары эс алып келишкен. Быйыл дагы аталган лагерь Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан жалпы жонунан 200 окуучуну кабыл алмакчы. Балдарды республикалык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучулардын мугалимдери өздөрү жетектеп барышат.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ