Америкалык “Global Finance” басылмасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанды жана Тажикстанды эң жакыр өлкөлөр деп жар салды. Мындай тизме Дүйнөлүк Банктын жана Эл аралык Валюта фондунун дүйнөнүн 185 мамлекетинин арасында жүргүзүлгөн байкоолорунун негизинде түзүлдү.
Америкалык «Global Finance» басылмасысынын маалыматына караганда, иликтенген 185 өлкөнүн арасында Кыргызстан 148-орунду, ал эми Тажикстан 157-орунду ээледи.
Булардан тышкары Борбор Африка, Конго Демократиялык Республикасы, Бурунда, Либерия, Нигер, Малави, Мозамбик, Гвинея, Эритрея, Мадагаскар жана Комор Аралдары өлкөлөрү дагы таптакыр эле итке минип калышкандыгы ачыкталды.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ