13-июнда Шымкент соту Мактарал райондук сотунун судьясы Абай Ниязбековду жергиликтүү мектептин директорунан 500 миң теңге пара алды деп айтыптап, төрт жарым жылга түрмөгө кесилди.
Абай Ниязбеков өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Өкүмдү угуу үчүн ал адвокаты менен келген.
Судья быйыл 30-январда Мактарал облустук сотунда өз бөлмөсүндө “пара алып жаткан жеринен” кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча ага акча ортомчу аркылуу берилген.
Мектеп директору Жанар Мамырова талаштуу маселени чечүүдө сот андан жарым миллион теңге талап кылганын билдирген. Абай Ниязбеков айыптоолорду четке кагып, тергөөчүлөр тарабынан сейфте табылган акча өзүнө таандык экенин, пара албаганын айткан.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ