Menu

Кыргыз-тажик чек арасында абал кооптуу

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып жаткан менен тажик кошуналар улам тийишип, чек арабызга куралчан жоокерлери кирип келишип, коркутуу-уркүтүүлөрү күч алууда. Өткөндө мына ошондой кордукка кабылган Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачылары эки тажик жоокерин кармап, уруп- сабап, автоматын тартып алышкан болчу. Ошонун эртеси, 6-июнда Тажикстандын Бустон шаарында « Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын делегаииясы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен жолугуп, туткун болгон тажик жоокерлерин бошотуп жиберди. Андан ары эки тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулап, соңку учурда чек арада чыр-чатактар көбөйгөнүн айтып,  тынчсызданууларын билдирди. Алар Кыргызстандын Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылында 4-июнда болгон окуяны иликтөөдө аскер адамдарынын аракеттери канчалык денгээлде мыйзамдуу болгонуна баа берилери айтылып, мындай окуялардын алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө сүйлөштү. Жолугушууда чек арадагы инициденттер жаралган учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Жергиликтүү чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилигине эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү келмейинче активдүү чара көрбөө талабы коюлду. Бирок ушул эле келишимден кийин да эми жарандык кийимчен тажикстандыктар кыргыздар жашаган “Футбол талаасы” аянтына кирип, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Аларды куралчан тажик жоокерлери ары жакта күзөтүп турушкан. Булар ушундай тажаалдык менен Кыргызстандын жерин тартып алабыз деп ойлошсо керек. Бирок биздин бийлик да адекваттуу жооп кайтарбаса, абал оорлошо берчүдөй…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: