Menu

Ташкент шаарынын башкы салыкчысы камакка алынды

Бөлүшүү:

Акыркы үч жылдан бери Ташкент шаардык салык башкармалыгын жетектеп келген Музаффар Пардаев отставкага кетти. “Озодлиг” радиосунун өз булактары билдиргендей, Пардаев он күндөн бери Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө абагында сурак берип жаткан. Маалыматтарга караганда, текшерүү учурунда шаардык бюджетке ири өлчөмдө салык төлөмдөрү түшпөй калганы аныкталган.

Музаффар Пардаев кармалганга бир күн калганда иштен алынып, анын ордуна салык комитетинин төрага орун басары Нормат Турсунов дайындалган.

5-июнда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаардык салык башкармалыгынын ишин кескин сынга алган.

«Шаардагы базарлардын салык төлөмдөрү бюджетке эмес, аткаминерлердин чөнтөгүнө түшүп турган. Текшерүү учурунда «Чиланзар» соода комплексинде 791 киши салык төлөбөй иштеп жатканы аныкталган. Көзөмөлдүн жоктугунан миллиарддаган каражат бюджетке түшпөй калган. Ушунча акча аткаминерлерди чөнтөгүнө кеткен», –деген Мирзиёев.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: