Menu

Алмамбет Шыкмаматов: Тергөө адилеттүү караса, анда менин ишимди жабууга мажбур болушат

Бөлүшүү:

Атамбаевдин бийлигинин тушунда мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, соту жүрүп жаткандардын бири «атамекенчи» депутат Алмамбет Шыкмаматовду Бишкек шаардык соту актаганга тете өкүм чыгарды. Тагыраагы, иши кайра тергөөгө жиберилди. Соттук курамдын мындай чечимине коомчулук ыраазы болууда.

Алмамбет мырза, шаардык сот былтыр, 19-декабрда Биринчи Май райондук сотунун сизге карата чыгарган айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберүү тууралуу чечим токуду. Коомчулукта болсо, «Атамбаевдин бийлигинен бери келаткан сот иштеринин алгачкы мыйзамдуусу болду» дешүүдө. Сот чечимине эми ыраазы чыгарсыз?

– Туура, мага карата мыйзамсыз кылмыш иши Атамбевдин тушунда козголду. Анда мага «Шыкмаматов эки жыл эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда, аялынын «Мерседес-Бенц Е-320» үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн «Барат Люкс» ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген» деп айып тагышкан. Ишти караган Биринчи Май райондук соту 19-декабрда мени күнөөлүү катары таап, 5 миллион сом айыпка жыккан чечим чыгарды. Мен ага нааразы болдум. Мага карата саясый негизде кылмыш иши козголгону анык. Анткени, мен ал иште эч кандай тиешем жок болгон. Мыйзам бузган жокмун. Анан күйбөгөн жериң күл болобу? «Адилеттүү карап бергиле» деп шаардык сотко даттангам. Шаардык сот ишти кароону узакка созду. Бирок, акырында соттук курам тергөөдө келтирилген көп кемчиликтерди көрсөтүп, ошол кемчиликтерди оңдоо талабы менен кайра тергөөгө жиберди. Эми тергөө мыйзам талаптарына ылайык, бир айлык мөөнөттүн ичинде сот көрсөткөн жагдайларга көңүл буруп, аларга укуктук баа берип, өзүнүн жаңы корутундусун чыгарышы керек. Менин ишимде кылмыш курамы жоктугу тууралуу жагдайлар көрсөтүлгөн. Мен ойлойм, мыйзамдуу, калыс баа берилсе, бул иштин келечеги жок.

– Сизге карата кылмыш ишинин ачылганынын өзү саясый негизде экендигин эмнеден улам айтып
келдиңиз?

-Атамбаевдин учурунда «атамекенчи» лидер Өмүрбек Текебаевге жана анын тегерегиндегилерге ойдон чыгарылган, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоо башталды. Бул анын ички өч алуусунун негизинде ишке ашты. Алгач «Мегакомдун» тегерегинде иш токуп, анысы суу кечпей калганда башка амалдарды пайдаланууга өттү. Мени эсеп палатасына тендер менен унаа сатып алуу ишинде айыптап, «мамлекетке 3 миң доллар өлчөмүндө чыгым келтирген» дешти. 3 миң эмес, 3 тыйын чыгым келген эмес. Тергөө дагы мамлекетке келтирилген чыгымды аныктай алышкан жок. Демек, «чыгым болбосо, кылмыш курамы да болбойт» деген мыйзам талабы дагы райондук соттун өкүмү чыгарда эске алынбады. Ошол себептен ишти кайра тергөөгө жиберүү керектигин талап кылдык.

– Ишти кайра тергөөгө жиберүү тууралуу чечим иш жоюлуп кетиши мүмкүндүгүн билдиреби?

– Эгер тергөө эч кимге тартпай, адилеттүү караса, анда ал ишти жабууга мажбур болушат. Анткени, мен дагы айтам, тендер мыйзамдуу өткөн жана менин ал иште эч кандай күнөөм жок экендиги тастыкталат.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: