Menu

Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: МАИде иштеген ар бир жетекчинин өз “ставкасы” бар

Бөлүшүү:

-Азамат Абдуллажанович, жолдогу акча жыйноолор тууралуу өтө көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз. Сиз өзүңүз бул проблеманы чечүүнүн жолун эмнеден көрөсүз?

– Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, же эл айтып көнүп калгандай, МАИ кызматкерлерин тазалоо керек. Алардын басымдуу көпчүлүгү сабатсыз. «Акылдуу шаар», «Коопсуз шаар» деген өтө маанилүү, жакшы долбоорлор. Бирок, аларды ишке ашыруу каражат менен убакытты талап кылат. Ал эми жол коопсуздугун камсыздоо кызматында иштегендерди аттестациялоодон өткөрүүгө көп деле каражат кетпейт. Алар жолдо кандай акча алып жатышкандарын элдин баары билет. МАИге акча бербеген айдоочу дегеле жок. Күнөөлүү кишинин жазасыз калганы аны сөзсүз жаңы кылмыш жасоого түртөт. Айдоочулар «жол тоскон инспектор токтотчу болсо 100-200 сом берип коём да» деген ой менен улам-улам жол эрежелерин буза беришет

– «Ар бир МАИ кызматкери күн сайын өзүнөн жогору турган жетекчилерине «отметка» кылып, миң сомдон бир жарым миң сомго чейин берип турушат» деген маалымат кайдан алынган? Сизге алар өздөрү айтыштыбы?

– Бүгүн иштеп жаткан кызматкерлер, албетте, ачык айтышпайт. Бирок, кызматтан ар кандай себептер менен айдалып кеткендер, жетекчилерине капа болгондор эч жашырбай, күнүгө кимге, канчадан акча чогулткандарын айтып беришет. Ар бир жетекчинин өз ставкасы бар. Ал акчалар бүгүнкү күнгө чейин берилип жатат.

– Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматы болуп кайра түзүлгөн соң кошумча түрдө дагы 200гө жакын кызматкер жумушка алыныптыр. Ушуга байланыштуу депутат Айнуру Алтыбаева «кошумча кызматкерлерди алгандын ордуна видеокамераларды орнотсоңор болбойт беле?» деген жүйөлүү суроону койду. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

– Коллегам маселени туура көтөрдү. Видеокамералар тууралуу бир канча жылдан бери айтылып келатат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыгы боло элек эле. Азыркы өкмөт ошону жасоонун бетачарын кылды. Кантип ишке ашырууну, бул үчүн эмне керек экенин белгилеп айтып атышат. Жакында бул нерсе ишке ашаарына мен ишенем. Бирок, биринчи кезекте жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди тартипке чакырбасак, камералар көп нерсени өзгөртө албайт.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: