Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министри Доврангелди Байрамов кызматтан алынды. Мындай чечим мекеменин акыркы беш ай ичиндеги аткарган иштери каралган Коопсуздук кеңештин 13-июндагы жыйынында кабыл алынганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Мамлекеттик ММКлардын билдиришинче, Байрамов «ишиндеги олуттуу кемчиликтер үчүн» жумуштан алынып, аскердик наамы полковниктен майорго чейин төмөндөтүлдү.
Анын ордуна буга чейин Коргоо министрлигин жетектеп келген Яйлым Бердыев дайындалды.
30-майда президент Гурбангулы Бердымухамедов «кадрларды тандоодогу олуттуу кемчиликтери үчүн» Доврангелди Байрамовго акыркы жолу эскертүү берип, катуу сөгүш жарыялаган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ